Ысык-Көл: Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, төрт адам каза болду

1369

Чолпон-Ата шаарында медициналык Тез жардам унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү кыз 48 саатка камакка алынды. Ысык-Көл областында түнкү саат үчтөрдө «Мерседес» айдап бараткан 23 жаштагы кыз Тез жардам кызматынын унаасын катуу ылдамдыкта келип сүзүп, дарыгерлер бараткан машина бир нече жолу аласалып кеткен.

Анын ичиндеги айдоочу, фельдшер, кош бойлуу келин жана анын тууганы ошол жерде каза тапкан. Кырсыкка себепкер кыз мас абалында болгону айтылууда. Анын автоунаасында бараткан үч жүргүнчү жабыркаган эмес. Авариядан кийин алар ошол жерден качып кетип, кийин колго түшкөн.