Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристенин сабалып өлтүрүлүшүнө шектүү адам кармалды

685

Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун прокуратурасынан кабарлашты. Райондук ооруканага ар кандай оор жарат алган бөбөк келип түшкөн. Көп узабай кичинекей Алим чарчап калган.

Дарыгерлердин айтымында баланы текшергенде анын башы катуу жабыркаганы аныкталган. Мындан тышкары денесинде көк ала тактар болгон. Маалыматтар боюнча наристенин 21 жаштагы апасы Москвага иштегени кетип, кичинекей баланы бир тууган эжесине таштап кеткен.

Алимдин өлүмүнө шектелип бөбөктүн таежеси кармалып ал көрсөтмөсүндө бала шымын булгап койгон үчүн сабаганын мойнуна алган. 40 жаштагы кылмышка шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.