Ысык-Көлдө 850 грамм гашиш алып жүргөн 3 жаран колго түштү

947

1 килограммга жакын баңги заты жана ага кошумча Ички иштер министрлигинин күбөлүгү. Ысык-Көлдун тартип сакчылары 3 адамдан турган топту колго түшүрүп, алардын жанынан 850 грамм гашиш табылган.

Маалыматтарга караганда, ал маңзаттары 50 ширеңке кутусуна салынып, атайын баштыкта катылган. Шектүүлөрдүн бири 25-жаштагы баланын жанынан Атайын күзөт башкы башкармалыгына таандык болгон күбөлүк чыккан. Чындап эле, ал күбөлүк Ички иштер министрлигине таандыкпы же жокпу учурда текшерилип жатыптыр.

Бул факты боюнча»баңгизаттарын даярдоо, сактоо жана мыйзамсыз алып жүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар жүрүүдө. Кармалган шектүү 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.