Ысык-Көлдө акватлон боюнча КРнын ачык чемпионаты болуп өттү (видео)

1275

Ысык-Көлдө акватлон боюнча Кыргызстандын экинчи ачык чемпионаты болуп өттү. Быйыл мелдешке өлкөнүн ар кыл аймактарынан ондогон спортчулар катышып, андан тышкары, Казакстан жана Россиянын командалары келишти. Биринчиликти Кыргызстандын триатлон федерациясы уюштурган. Акватлон — триатлон спортунун жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү. Жарыш үч эмес, эки этаптан турат. Тапшырмаларды аткарууда спортчулар Ысык-Көлдүн суусунда сүзүп, андан кийин бир нече чакырым чуркап өтүүсү керек. Ал эми велосипедчен жарышуу акватлондо жок.