Ысык-Көлдө аялын өлтүрүүгө шектелген адам камакка алынды

1105

Ысык-Көлдөгү Сырт аймагында аялын өлтүрүүгө шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу областтык жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнда Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз тилкесинде болгон. Уруш учурунда күйөөсү аялына ок чыгарып, оор жаракаттан улам аял каза болуп калган.

Алгач Тоң райондук Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну өзүн-өзү атып алды деген билдирүү түшкөн. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 29 жаштагы адам жубайы менен мал багып келүү үчүн жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөнү аныкталган. 16-июнда кызганычтан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын атып салган.

Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.