Ысык-Көлдө балдар лагерлеринин иштөөсүнө уруксат берилди (видео)

1422

Пандемия башталгандан бери жумушу токтоп калган пансионаттарга, эс алуу жайларына жана балдар лагерлерине жайында иштөөгө уруксат берилди. Бирок бул бардык аймактар үчүн эмес, бир гана Ысык-Көл областына тиешелүү. Алгоритм боюнча, орундар 70 пайызга гана толушу шарт. Ошондой эле, санитардык эрежелер так сакталышы зарыл.

Ал эми башка областтардагы эс алуу жайлары иштейби азырынча белгисиз. Анткени жергиликтүү бийлик коронавирусту жайылтпоо иш-чарасынын алкагында өзү чечим кабыл алышы кажет. Бишкек шаары болсо учурда “кызыл зонада” болгондуктан, мэрия ордо калаадагы балдар лагерлеринин иштөөсүнө уруксат бере элек.