Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза тапты

3544

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кырсык 13-январда катталган. Анда Балыкчы-Каракол унаа жолунун 55-чакырымында Орнок айылында «Камаз» менен «Мерседес-Ман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Соккудан биринин кабинасынан өрт чыккан.

Жол кырсыгы болгон жерге 2 бөлүм жана 3 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен «Камаз» үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болду. Алардын сөөгү Ички иштер министринин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Дагы 2 эркек киши жабыркап, тез жардам кызматына өткөрүлдү. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.