Ысык-Көлдө скутер айдап жоголгон казакстандык жаран изделүүдө

932

Ысык-Көлдө скутер айдап кетип жоголгон казакстандык жаранды издөө иштерине 12 кеме жана жалпысынан 250дөй киши тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү мекеменин 81 куткаруучусу, 167 милиционер жана 32 жергиликтүү тургун таңкы алтыдан тарта издөө иштерине катышышууда. Анда моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2 күн мурда түш чендерде Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында 53 жаштагы казакстандык жаран көлгө скутер айдап кеткен бойдон, дайыны чыкпай жатат. Адистердин айтымында, ал күнү катуу шамал болуп, көлдүн бети толкуп турган. Бул кырдаал баштапкы издөө иштерине бир топ тоскоол болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.