Ысык-Көлдө талаптарга жооп бербеген 15 пансионат жабылды (видео)

988

Ысык-Көл областында талаптарга жооп бербеген 15 пансионат жабылды. Экологиялык, техникалык жана өрт коопсуздуктарын сактабаган эс алуу жайларына 9 миллион сомго жакын айып салынган.

Саркынды сууну сактоочу жайлары жок жана өрт коопсуздугуна жооп бербеген пансионаттар катуу көзөмөлгө алынууда. Былтыр туристик сезон маалында 7 өрт катталып, кырсыктан бир адам көз жумган. Быйылкы жайкы эс алуу мезгилине пансионаттар туристтерди кабыл алууга толук кандуу даярбы?