Ысык-Көлдө уран кенин казуу иштери таптакыр токтотулду (видео)

1078

Көптөн бери чуу жаратып жаткан уулуу уран кени боюнча маселеге чекит коюлду. Таш-Булак кенин иштетүүгө берилген лицензия артка чакыртып алынып, ал жакта жумуш жүргүзүүгө таптакыр тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда өкмөт мүчөсү расмий түрдө уран кени жабылганын кабарлады. Эми аталган аймакта компания чалгындоо иштерин жүргүзгөнгө да акысы жок. Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө боюнча уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө 2070-жылга чейин мораторий киргизүүнү сунуштап мыйзам долбоорун даярдашты.