Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачык деп жарыяланды (видео)

1012

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачык деп жарыяланды. Буга байланыштуу расмий иш-чара Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага жергиликтүү жана чет элдик туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Аны менен катар салтка айланып калган туристтик жарманке дагы уюштурулду. Ага 7 областтын кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Жарманке чет элдик саякатчыларды кыргыздын маданияты менен тааныштыруу максатында өтүп келет.