Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду

1542

Түндө Ысык-Көл областында жол кырсыгы болуп, андан күйөөсү-аялы эки баласы менен каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү тартип сакчылары билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-апрелден 5-апрелге караган түнү саат 12.30 чамасында, Бактуу-Долоноту айылына жакын жердеги Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 84-чакырымында «Фольксваген» жана «Тойота» унаалары сүзүшкөн.

Анын кесепетинен «Фольксвагендин» айдоочусу, анын 41 жаштагы аялы, 5 жана 4 жаштагы эки баласы алган жаракаттарынан улам кырсык катталган жерде каза табышкан. Ал эми «Тайота» унаасында бара жаткан 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилишкен.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, учурда жол кырсыгы тууралуу бардык маалыматтар чогултулуп, иликтөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.