Ысык-Көлдөгү пансионатта уулангандардын саны 18ге жетти

1074

Алардын арасында чет өлкөлүк спортчулар да бар. Бул туурасында Ысык-Көл райондук оорулардын алдын-алуу жана эпидемиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов билдирди.

Кечээ кечке жуук ооруканага 16 бейтап түшкөн. Алардын жетөө — Бириккен Араб Эмираттары жана Ирандан келген кикбоксчулар. Калгандары — пансионаттын ашпозулары. Учурда жабыркагандардын баары Чолпон-Ата шаарынын бейтапканасында дарыланып жатышат. Алардын абалы канааттандырлык деп бааланууда.

Азырынча спортчулар эмнеден ууланганы белгисиз. Тамак-аштарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшерүүгө алып кетти. Анализдин жыйынтыгы эртең чыгат.

Эске салсак, бүгүн Чолпон-Ата шаарында кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты башталды. Мелдешке 20 мамлекеттин алдыңкы спортчулары күч сынашууга келген.