Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир адам каза болду

941

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында «Тойота Ист» жана «Ауди С-4» үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан 1 адам каза болуп, жетөө ар кандай жаракаттарды алган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.