Ысык-Көлгө коркунуч жараткан таштанды (видео)

602

Ысык-Көл областында жакын арада таштанды полигону салынбаса — экологиялык кырсыкка алып келиши ыктымал.

Чолпон-Ата шаарынын четинде жайгашкан акыр-чикирлерди таштоочу жайдын маселеси көптөн бери көтөрүлүп, ал тургай, бул боюнча кылмыш иши козголсо дагы, иш ордунан жылбай келет.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы полигон курууга жер тилкеси жана каражат жок экенин айтууда.