Ызы-чуу менен кеткен министрдин ордуна ким келет? (видео)

1011

Түгөлбай Казаковдун ордуна Султан Жумагулов келмей болду. Жогорку Кеңештин тармактык комитети маданият министри кызматына талапкерди жактырды. Эми бул маселе парламенттин жалпы отурумунда каралат. Султан Жумагулов буга чейин «Азаттыктын» Кыргызстандагы кенсесин, ЭЛТРди жана коомдук биринчи каналды жетектеген. Учурда ал президенттин аппаратынын жетекчисинин кенешчиси. Ишемби куну Туголбай Казаков — кызматынан кеткен сон, анын ордуна келе турган бир нече талапкерлердин ысымдары айтылган эле. Алардын катарында— журналист Султан Жумагуловдон тышкары, мурдагы маданият министри, драматург Султан Раев, куудул Кумондор Абыловдор бар болчу.