Ызы-чуу менен кызматтан кеткен жетекчилер (видео)

1110

Нарын областынын жетекчиси Аманбай Кайыповдун иштен кетүү боюнча арызы министрлер кабинетине келип түшкөнүн өкмөттөн кабарлашты. Буга акыркы 4 күндөн бери интернет айдыңынан түшпөй жаткан Кеңеш айылындагы контейнер-мектеп себеп болгон өңдүү. Ага чейин аймактагы Солтон-Сары кениндеги жагдайлар да жергиликтүү бийликтин дарегине бир топ нааразылыктарды жараткан.

Эске салсак, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да кызматынан кеткен. Учурда анын ордуна ким келери кызуу талкууланууда. Жыл башынан бери кимдер жогорку кызматынан кол жууду?