Закир Шарапов Жогорку Кеңештин депутаты болду

1016

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди. Закир Шараповго «Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү катары мандат берилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-ноябрда оорудан улам каза тапкан депутат Улан Чолпонбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, тизмедеги кийинки талапкерге күбөлүк ыйгарды.