«Замандаш» кыргызстандыктарды милдеттүү камсыздандырууга каршы чыкты

642

Мигранттарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу акча табуунун бир амалы болушу мүмкүн. Мындай билдирүунү «Замандаш» ассоциациясы таратты. Анда өлкөдөн чыгып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү демилгеси туура эмес деп айтылат. Анткени жумуш издеп айласыздан чет өлкөгө кетип жаткан жарандарды акча төлөөгө мажбурлоо конституцияга каршы келет дейт Замандаш ассоциациясынын өкүлдөрү.

Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, полис киргизүүнүн ордуна, мигранттын үй-бүлөсү жоготууга учураса, аларга мамлекеттик жардам берүүнү ыкчам жана жөнөкөйлөштүрүп, компенсациянын суммасын көбөйтүү керек.

Буга чейин айрым аткаминерлер чет өлкөлөрдө набыт болгон кыргызстандык жарандар көбөйүп жатканына байланыштуу, сыртка чыгып жаткан мигранттар милдеттүү түрдө өмүрүн камсыздандырууга тийиш деген демилге көтөрүшкөн.

Алардын айтымында, ар бир адамдан алынган 300 сом чет жакта каза тапкан мигранттарга төлөнүүчү кенемтеге кошумча болот. Бирок бул бизнес-схемага окшоп жатат дешет Замандаш ассоциациясынын өкүлдөрү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.