Замира Сыдыкованын уулу курал-жарак контрабандасы шектелүүдө

749

АКШда Кыргызстан менен Казакстандын жарандары Чеченстанга курал-жаракты контрабанда жолу менен ташыган деп шектелип кармалды. 27-28 жаштагы эки адам эл аралык курал жарак сатууга, контрабанда жана банктык операциялар аркылуу алдамчылык кылган деп айыпталып камакка алынганы кабарланууда.

Алар Вирджиния штатында жашап келишкен. Экөө жүздөгөн ашык курал-жаракты лицензиясы жок, жасалма документтер менен идиш-аяк катары көрсөтүп, Чеченстанга почта аркылуу жөнөтүп жүргөн деп айыпталып колго түшкөн.

Ошол кармалгандардын бири Теңгиз Сыдыков 2005тен-2010 жылга чейин Кыргызстандын АКШда элчиси болуп иштеген Замира Сыдыкованын кичүү уулу экени белгилүү болду. Ал жергиликтүү маалымат каражаттарына баласы кармалганын тастыктап, бирок айып тагыла электигин билдирген. Замира Сыдыкованын айтымында, кечээ Вирджиния штатында жашаган казакстандык жаран Элдар Резвановдун квартирасында тинтүү жүргүзүлүп, аны полиция участогуна алып кетишкен.

Ал эми Теңгиз Сыдыков таанышынын чоо жайын билүү үчүн барганда аны дагы кармашкан. Теңгиз менен Элдар мурда бир батирди ижарага алып чогуу жашашкан, азыр өз алдынча турушат, дейт экс-элчи. Замира Сыдыкова, уулу IT компанияда иштээрин, контрабандага тиешеси жок экенин айтып, баласы жакын арада кое берилээрине ишеним артып жатканын билдирген.

Бирок АКШнын атайын агенти Теңгиз Сыдыков былтыр жеке өзү 5 миң долларга 24 тапанча сатып алганы аныкталганын айткан. Ошондой эле, бул кылмыш ишке Теңгиздин байкеси Чыңгыздын дагы катыштыгы болушу мүмкүн деп айтылууда. Алар ишти интернет сайттары аркылуу жүргүзүп келген. Муну атайын агент көптөн бери иликтеп жүргөн.