Запкы жеген аялдардын окуялары сүрөт-көргөзмөсүндө (видео)

1381

Күйөөсүнүн ур-токмогунан запкы жеп, бирок анын кылмышын жашырып келген келин, ар кандай кордуктарды башынан өткөргөн аялдар. Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. 5-декабрда башталган иш-чара 10-декабрга чейин созулат.

Бул — өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы багытталган 16 күндүктүн алкагында уюштурулган. Көргөзмөгө жалпысынан 16 сүрөтчүнүн 32 эмгеги коюлган. Чыгармалар кордук көрүп, кризистик борборлорго кайрылган кыргызстандык кыз-келиндердин айтып берген окуяларынан улам жаралган.