Заводдун курулушуна уруксат мыйзамсыз берилген (видео)

1030

Тогуз-Тородогу алтын чайкаган комбинатка байланыштуу жаңы жагдайлар ачыктала баштады. Жергиликтүү тургундардын экологияга байланыштуу нааразычылыгы жүйөөлүү болуп чыгууда. Анткени заводдун курулушуна уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул боюнча Мамлекеттик экспертиза департаменти да ички териштирүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал эми алтын чайкоочу фабрика куруп жаткан тарап болсо документтерде кемчиликтер бар экенин, экологиялык корутунду алуу керектигин билген эмеспиз деп ийин куушурат. Кытайдан келген долбоорду жергиликтүү мыйзамдарга шайкеш келтирип, бардык керектүү документтерди чогултуу үчүн жеке компания жалдашыптыр.