ЗИЛ лыжа базасын иштетпөөгө кимдер кызыкдар? (видео)

1143

Чүй областындагы ЗИЛ тоо-лыжа базасында кайрадан чыр-чатак. Жергиликтүү тургундар эс алуу жайына райондук токой-чарбага тийешелүү жердин ижарага берилишине каршы чыгышты. Анткени лыжа базасы жайыт жердин кыртышын бузуп жатат дешет. Бирок жеке ишкер мындай айыптоолорду четке кагууда. Ал жергиликтүү тургундар бизнесине тоскоолдук жаратып жатканын айтат. Эми аларга аткаминерлер да кошулуп бут тосууда дейт. Базанын айланасында жыл сайын сезон маалында чыр чыгып, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барган учурлар болгон.