Зилалиев Атамбаев менен кошо коррупцияга шектелүүдө

798

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору Дүйшөнбек Зилалиев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир кылмыш иши боюнча өтүүдө. Бул тууралуу Укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматты Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова да тастыктады. Адвокаттын айтымында, тергөө иштерин жүргүзүп жаткан Аскер прокуратурасы экс-вице-премьер-министрге билдирүү жөнөтүп, анын коррупцияга аралашкан деп шектелип жатканын билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Чаткалдын Терек-Сай айылындагы сурма кенин иштетүүгө лицензияны арзан баада сатып алуу үчүн коррупциялык схемага барып, бул ишке ошол кездеги Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору Дүйшөнбек Зилалиев менен статс-катчы Шерикул Султановду да кириптер кылганы айтылууда.

Экөө мурдагы президенттин мыйзамсыз буйругун аткаруу үчүн 130 миң долларга тендер өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев менен аффилирленген «Хуасинь» компаниясы жеңип чыккан деген маалыматтар бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.