Зилалиев шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчилигинен алынды

807

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев талапкерлердин бирине артыкчылык берип, үгүттөө иштерин жүргүзгөнү үчүн шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчилигинен алынды. Анын ордуна вице-премьер-министр Темир Жумакадыров дайындалды.

Муну менен, өкмөт башчы мыйзамды бузган Зилалиевге эскертүү берип гана чектелди. Ал эми президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок деп так даана жазылып турат.

Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы белгилеп, мыйзамда чара көрүү жагы каралганын эскертишет.