Зилалиев УКМКга көрсөтмө берди (видео)

828

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Аткаминер «бомба тууралуу жалган маалымат таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде суроолорго жооп берген. Кечээ күнү Зилалиев менен ага каршы көрсөтмө берген курсант кыз беттештирилгени белгилүү болду. Болочоктогу милиционердин айтымында, инаугурация күнү өкмөттүк трассада бомба жарылат деген маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев кабарлаган. Ал эми аткаминердин айтымында, ал курсант кызга кайрылып «форма сизге жарашат» десе, ал «азыр бомба жарылат» деп угуп калган имиш. Ошондой эле, Зилалиев бул иштин артында аны жаманатты кылгысы келген кандайдыр бир күчтөр турат деп шектенүүдө.