Зилалиевге кылмыш иши: Бишкек райондук соттун өкүмү күчүндө калды

685

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге бомба тууралуу маалыматка байланыштуу чыккан соттун өкүмү күчүндө калды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. Былтыр күзүндө Биринчи май райондук соту Зилалиевди «бомба тууралуу жалган маалымат» берген деп таап, эки жылга шарттуу кескен.

Мурдагы вице-премьер-министр 2017-жылы инаугурация күнү жолдо күзөттө турган курсант кызга «азыр бомба жарылат» деп айткан деп күнөөлөнүп келет.

Мындан тышкары, өткөн айда Зилалиевге «мыйзамсыз байыган» деген берене боюнча да кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ал боюнча тергөө аяктай элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.