Зимбабве президентинин жубайы өлкөдөн чыгып кетти

881

Зимбабведе бийликти аскерлер басып алгандан кийин өлкө президенти Роберт Мугабенин жубайы өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Би-би-си телеканалы билдирди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Грейс Мугабе Намибияны көздөй кеткен.

Роберт Мугабе Зимбабвени дээрлик кырк жыл — 1980-жылдан бери башкарып келет. Учурда ал үй камагында жана жакынкы күндөрү отставкага кетиши мүмкүн. Зимбабвенин борбору Харареге танктар менен бронетехника кирип, шаарда жарылуулар менен атышуулардын үндөрү угулган. Өлкө башчысынан тышкары бир канча министрдин дагы кармалганы кабарланууда.

Бийликти басып алган аскерлер мамлекеттик төңкөрүш жасабагандыктарын, болгону өлкө башчынын айланасындагы «кылмышкерлерге» каршы чыгып жаткандыктарын айтышууда. Алар Мугабенин тарапташтарын Зимбабведеги экономикалык көйгөйлөргө айыпташууда.

Өткөн жумада Мугабе вице-президент Эммерсон Мнангагвуну отставкага кетирген. Зимбабве лидери аны мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган деп айыптаган. Мнангагву Мугабенин ыктымал мураскери катары каралып келген жана армиянын колдоосуна ээ болгон. Каатчылыктын жаралышына Мнангагвунун кызматтан алынышы себеп болгону айтылууда.