Зимбабведе бийликтен четтетилген Роберт Мугабе элге кайрылды

758

Президент Роберт Мугабе отставкасы тууралуу жарыялоодон баш тартты, бирок калк анын өз каалоосу менен кетүүсүн каалап жатат. Акыркы күндөрү миңдеген зимбавелик 93 жаштагы президенттин бийликтен тайганын кубаттоодо.

Мугабе өткөн кылымдын 80-жылдарындагы улуттук келишим саясаты элдин биримдигин сактап калды деп жарыялады. Ал Зимбаве эли алдыга карай умтулуусун уланта берет деген ишенимин билдирди.

Мугабе калкка кайрылуу жасаган маалда анын жанында аткаминерлер жана аскер кызматкерлери отурду. Ал бир нече жолу сөзүнөн адашып, алдын ала жазып алган текстин алмаштырып алып жатты.

Зимбабвенин башкаруудагы ЗАНУ-ПФ партиясы президент Роберт Мугабеге кызматтан кетүүсүнө дүйшөмбү түшкө чейин убакыт берди. Же болбосо импичмент жарыяланмакчы.

Ишембиде башкалаа Харареде он миңдеген киши көчөлөргө чыгып, өлкөнү экономикалык кыйынчылыктарга кептеген президентке нааразылыгын билдиришкен. 15-ноябрда Змимбабвенин армиясы бийликти өз колуна алып, Мугабени үй камагына отургузушкан.

Ал өлкөнү эгемендик алган 1980-жылдан бери жетектеп келген.