Зимбабведе Мугабе отставкага кеткенин жарыялады

714

Зимбабвенин прзиденти Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачуу үчүн кызматынан дароо жана өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Анын парламентке жолдогон делген катын 21-ноябрда спикер Жейкоб Муденда окуп берди:

“Мен, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе Конституциянын 96-беренесине ылайык отставкамды жарылайм. Ал дароо күчүнө кирүүдө”. Мыйзам чыгаруучулар өлкөнү 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Мугабеге импичмент жарылоону караштырып жатышкан.

Импичментке президенттин “жубайына конституциялык бийликти узурпациялоого жол берген”, “жашы улгайгандыктан өлкөнү жетектей албай калды» деген негиздемелер да киргизилген.

Зимбабвенин башкаруучу партиясы эки сутка аралыгында президенттин милдетин Эммерсон Мнангагва аткаранын жарыялады. Мугабенин кызматтан кетүүсүн борбор Хараренин тургундары кубануу менен кабыл алышты.