Зизалаевдин жолун жолдогон кезектеги чиновник (видео)

813

«Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев КСДПнын талапкерин колдоп, чогулуш өткөргөнүн айтып берди. Жетекчи учурда эмгек өргүүсүндө жүргөнүнө карабай, кол алдында иштеген кызматкерлерин аталган ишкананын жыйындар залына чогултуп алып, ал колдогон талапкерди, колдоп берүүнү суранган. Бул чогулуштан чыккан айрым кызматкерлер, жыйындын алдында алардан чөнтөк телефондору чогултулуп алынганын да билдиришти. Кээ бирлери «кызматтан айдалып кетем» деп камерага ачык айтуудан коркушса, айрымдары жыйында үгүттөө кандай жүргөнүн айтып беришти.