Зомбулукка кабылган наристелердин жоопкерчилигин ким алат? (видео)

1346

Кыргызстанда психикалык оорулардан жабыркаган алты миңден ашуун бала катталган. Бирок алардын реалдуу саны мындан бир топ жогору. Бул тууралуу балдардын укугун коргоо боюнча уюштурулган тегерек устолдун жүрүшүндө белгилүү болду. Адистердин айтымында, айрым ата-энелер ар кандай психикалык илдеттерге дуушар болгон балдарын каттоого тургузгусу келбейт. Ошол эле убакта укук коргоочулар балдарга карата зордук-зомбулук күчөп баратканын айтып тынчсызданышууда. Анан да өзгөчө сексуалдык зомбулукка кабылган учурлардын айрымдары гана ачыкталат, дешет алар. Себеби көпчүлүк учурда жабыркаган балдардын ата-энелери арыз жазгандан баш тартышат экен.