Зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан кубалашууда (видео)

2139

Чүйдө 16 жашар кызды зордуктоого шектелген жарандын үй-бүлөсү Сокулук районунун Исмаил айылынан көчүрүлмөй болду. Мындай чечимди аксакалдар соту кабыл алды. Аны аткарууга 3 күн берилди. Ал эми кылмышка шектүү зөөкүр №1 тергөө абагына 2 айга киргизилди.

Бүгүн айыл эли кайрадан чогулуп, буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен адамды жазалоону талап кылышты. Алардын нааразычылыгын тартип сакчыларынын кош көңүл мамилеси дагы күчөткөн. Ички иштер министрлиги элди ачууланткан милициянын майоруна карата кызматтык иликтөө жүргүзүп жатыптыр.