Зуридин Нурматов: Май айынын аягына барып, оору күн сайын катталбай калат

4274

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун күч алган учуру 20-24-апрелде болот деген божомолун билдирген. Карантиндин өз учурунда киргизилүүсү, элдин изоляцияда калып, жеке гигиенаны сактоо тартиби, медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында оору бул убактан эртерээк басаңдады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, бул аракеттердин негизинде коронавирус жуктурган адамдар да мурда болжолдонгондон кыйла аз катталды:

«Коронавирус катталган күндөн берки бешинчи жумада оору көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Акыркы беш күндө 87 адам катталды. Бул мурунку беш күнгө салыштырмалуу 9 адамга аз. Биздин божомол боюнча май айынын аягына барып, оору күн сайын катталбай калат. Ошону менен майдын акырында оору токтойт деген божомолубуз бар». Нурматов аймактарда оорунун жаңы учурлары азайганын белгиледи.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 26 учур катталды. Алардын ичинен 14ү Бишкекте, тогузу Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда катталды. COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны өлкөдө 795 адамга жетти. Он киши оорудан көз жумду. 564 адам илдетти жеңип, айыкты.