«Зыяндуу» иш үчүн негизгиз төлөмдөр (видео)

1598

«Улуттук энерго холдинг» компаниясы 2017-жылы өз кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн деп 4 миллион сом кенемтени негизсиз төлөп бергенин аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Эсептөө палатасы жарыялады. Аудиторлор билдиришкендей, кошумча акча төлөп бериш үчүн компаниянын жетекчилиги жумуш орундарына аттестация өткөрүшү керек болчу.

Тактап айтканда, компьютерлер канчалык зыян келтирип жатканын атайын адистер аныктап чыгышы зарыл эле. Бирок ал иш-аракеттер жасалган эмес. Эксперттер болсо, муну натыйжа бербеген иштерге бюджеттик каражаттарды сарптоо катары баалашып, өкмөттү буга окшогон эрежелерден баш тартууга чакырышууда.