Зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияларга сынак жарыяланды

857

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарга даярдыктарды баштады. Учурда зыяратчыларды ташый турган авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыяланды. Ага Кыргызстан жана Сауд Арабияга таандык фирмалар катыша алат. Бул конкурска катыша турган авиакомпанияларга 30га жакын талап коюлган. Алардын негизгилери, Жидда жана Медина шаарларына түз учуу, өз убагында көрсөтүлгөн жерге жеткирүү, учакта ажыларга эки маал адал тамак берүү, жүк жоголгон учурда ордун таап берүү сыяктуу шарттар. Сынак 12-февралган чейин уланып, бир күндөн кийин анын жыйынтыгы жарыяланат. Белгилей кетсек, быйылкы зыярат август айына туш келет. Ажылыкка аттангандардын биринчи тобу июль айынын аягында жөнөп башташат. Былтыр Сауд Арабиясы Кыргызстанга 4760 орун бөлүп берген. Сапардын баасы 2760 долларды түлгөн болчу.