Зыяратчылардын акчасы шайлоодо 1 партияга колдонулуп кеткен (видео)

2103

Зыяратчылардан чогулган каражаттын 155 миллион сому өткөн парламенттик шайлоодо бир партиянын кызыкчылыгы үчүн коротулган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров муфтияттын айланасында болуп жаткан окуялар тууралуу пикирин билдирип жатып айтты.

Өлкө башчысынын маалыматына караганда, мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги зыяратчылардан чогултулган каражатты айлантып, киреше табам деп, ортодон 700 миң долларга күйгөн. Эске салсак, кечээ УКМК мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевди финансылык мыйзам бузууларга айыптап кармаган. Буга нааразы болгондор митингге чыгышты.