Зыяратчылардын кийимине демөөрчү изделүүдө (видео)

515

Ажылык сапарга барчулардын кийимин тигүүдө каржы маселеси жаралды. Тендерден утуп зыяратчылардын кийимин тигүүгө укук алган Айкөл Аликжанова акча жетпей жатканын айтып, демөөрчүлөрдү издеп кайрылуу жасаган. Ага байланышкандар менен сүйлөшүүсү интернетке жарыяланган.

Анда Айкөл Аликжанова 12 миң доллар керек болуп жатканын, анын жарымы кайтарымсыз боло турганын айтканын угууга болот. Меккеге барганда кийиле турган форма үчүн ар бир зыяратчы 21 доллардан төлөгөн. Андыктан дизайнердин демөөрчү издегени күмөн ойлорду жаратууда.