145 миллиондон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды (видео)

1073

Өткөн 2 жылда саламаттыкты сактоо мекемелеринде 145 миллион сомдон ашуун суммага каржылык мыйзам бузуулар болгон. Аны Саламаттыкты сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмү аныктап чыкты. Маалыматтар боюнча, жүзгө жакын медициналык мекеме текшерилип, аларда айлык-акылардын негизсиз чегерилиши тендер өткөрүүдө мыйзамдардын бузулганы аныкталган. Аудиттин жыйынтыгы менен 30 саламаттыкты сактоо мекемесинин материалдары Башкы прокуратурага жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген. Азырынча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.