2,5 миллион сом айлык маяна кимге берилбей жатат? (видео)

790

Жүздөн ашуун жумушчу 2 айдан бери 2,5 миллион сом айлык маянасын ала албай келет. Мындай арыздануу менен Улуттук госпиталдын терапиялык корпусунун оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан курулушчулар НТСтин редакциясына кайрылышкан. Бирок аталган курулуш фирмасынын жетекчилиги мындай айыптоолор менен макул эмес. Айтымында, буга чейин аванс берилип келген. Ал эми келерки дүйшөмбү күнү оорукананын оңдоо иштери аяктап, тапшырылган соң гана жумушчулардын эмгек акысы толук берилет. Бирок өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттын дээрлик бардыгы өздөштүрүлгөнүн эске алганда, курулуш компаниясы 2,5 миллион сомду кайсы булактан табары түшүнүксүз. 2 жылдан бери жаңжал менен коштолгон Улуттук госпиталдын оңдоо иштери кандай жүрүп жатат?