2 жаштагы баланын жыныс мүчөсүн кесип, кыйноого алган зөөкүр (видео)

2911

Сокулукта 2 жашка чыга элек баланын аёсуз сабалышы боюнча «кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй областтык милициясынан кабарлашты. Учурда шектүү аныкталып, тергөө амалдары жүрүп жатканы белгиленди. Эске салсак, аталган райондо 1 жаш 8 айлык бала оор абалда ооруканага түшкөнү маалым болду.

Аны кечээ түндө баш мээси чайкалып, колу-буттарынан күйүк алган жана жыныс мүчөсү жабыркаган абалда алып келишкен. Ак халатчандар бул тууралуу дароо милицияга кабар берип, иликтөө башталган. Аймактык оорукананын дарыгерлери чүрпөнүн абалы бир аз турукташып калганын билдиришти.