5 миң сом айлыкка күнү-түнү иштегендер (видео)

835

Маданият кызматкерлери бир эле депутаттын эмгек өргүүсүнө алган акчаны топтош үчүн ичип-жебей 60 ай тынымсыз иштеши керек. Учурда өлкөдө эң аз айлык 1750 сомду түзөт. Ал эми Улуттук статистикалык комитети бир адамдын жашоо минимумуна айына 5292 сом кетет деп эсептеген.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маселени бир аз болсо да чечүү үчүн мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, жылына эң аз маяналарды 500 сомго көбөйтүп туруу каралган. Бирок азырынча каржы булактары табыла элек.