Улуттук госпиталдын жылытуу системасында авария болду

707

Бишкекте жылуулук үзгүлтүккө учурагандан улам, Улуттук госпиталдын жылытуу системасында авария болду. Абалды калыбына келтирүү үчүн адистер түнү менен иштеп, бирок система оңдолгон жок.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, имараттын жылуулук системасынын эскилиги жеткендиктен, суукту көтөрө албай калган. Түтүктөрдөн ысык суунун ордуна муздак суу жүгүртүлгөндүктөн, жарылуу коркунучу пайда болуп, суу төгүлгөн.

Учурда адистер жылуулукту калыбына келтирүү жумуштарын жасап жатат. Оорукана муздак болгондуктан, бейтаптардын көбү үйлөрүнө чыгарылган.