Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине иш козголду

775

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Башкы прокуратура билдиргендей, министрлик былтыр июнь айында Эне жана баланы коргоо борборуна кошумча имарат куруу боюнча сынак жарыялап, анда жеке компания тандап алынган. Калган катышуучулардын документтери талаптарга жооп бербейт деген жүйөө менен четке кагылган.

Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында конкурстан өтпөй калган компаниялардын бири эң арзан баа сунуштаганы жана анын документтеринин баары жайында экени аныкталган.

Мындан улам, башкы көзөмөл органы тиешелүү кызматкерлерге карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү менен мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.