Комитет Өзбекстандагы элчи кызматына Жунусовдун талапкерлигин колдоду

781

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети  Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды.

Жунусовду бул кызматка Тышкы иштер министри сунуш кылган. Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келатат. ​

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.