Адам кыйноонун экономикалык кесепеттери (видео)

743

Кыргызстанда кыйноого кабылган ар бир адам дарыланууга эле 4 миллион сом каражат сарптайт. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасындагы кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери» деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгында жарыяланды. Белгилүү болгондой, кыйноого туш болгон 107 адамдын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан.

Ага ылайык, кыйноого кабылган адамдын алган жараатына жараша чыгымдар бөлүнгөн. Адистердин айтымында, жыл сайын кыйноолорго дуушар болгондорго миллиондогон кенемте төлөнөт. Мындан улам, кыйноолордун курмандыгы болгондордун жана коомдун экономикалык кесепеттерин эсептеп чыгуу муктаждыгы келип чыккан.