Айлыктар дагы көтөрүлөт (видео)

4986

Быйыл экинчи кварталда дагы бир катар тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анда мамлекет жетекчиси бул сапар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген 309 миңдей кызматкердин эмгек акыларын көтөрүү үчүн өлкө казынасынан 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. Ошондой эле, президент дүйнөдөгү акыркы окуяларды эске алуу менен ысырапчылыкка жол бербөө керектигин эскертти.