Акылбек Жамангулов өзүнүн айлык маянасын 80 пайызга кыскартты

764

«Альфа Телеком» компаниясынын жаңы жетекчиси Акылбек Жамангулов депутат кезинде берген сөзүнө туруп, өзүнүн айлык маянасын 80 пайызга кыскартты. Бул тууралуу ал өзү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди. Буга чейин, Жамангулов эл өкүлү болуп турганда, компаниянын башкы директору алган 12 миң доллар айлык акы өтө көп экенин айтып чыккан эле.

Ошондой эле, “Мегаком” компаниясынын жетекчилиги аларды эч ким текшербей турганынан пайдаланып, негизсиз түрдө өздөрүнө өтө жогору маяна коюп алышканын айтып чыккан. Мындай сын-пикирден соң гана, алардын акчасын кыскартуу чечими кабыл алынган.

Өткөн жумада «Мегакомдун» башкы директору болуп дайындалган Акылбек Жамангулов, анын өзүнүн айлыгынан тышкары мындай кыскартуулар башка компаниянын кызматкерлерине карата колдонулбай турганын кошумчалады.