Акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус аныкталды

3242

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 205 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3356ге жетти. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Бишкек шаарында 82 кишиден, Чүй облусунда − 33, Ош шаарында − 25, Ош облусунда − 20, Ысык-Көл олусунда – 10, Таласта – 19, Нарында 6 жана Жалал-Абад облусунда 8 адамдан коронавирус табылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.