«Альфа телеком» боюнча Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөр токтотулду

841

«Альфа телеком» компаниясын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген россиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөр бүгүнтөн тарта токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан кабарлашты. Тараптар уюлдук операторду сатуу боюнча келишимге келе албай, сүйлөшүүлөрдү токтотуу чечими кабыл алынган.

«Альфа телеком» ишканасынын 100 пайыз акциясы 25-сентябрда сатыкка коюлган. Ага россиялык ишкер Елена Нагорнаядан гана арыз түшүп, ал 14,5 миллиард сомду төлөөгө жана компанияга байланыштуу соттук иштер болуп калса жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирген. Бирок аны менен сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан эмес.

Мурдагы күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков, «Мегакомду» алууга дагы 2-3 компания кызыкдар деп билдирген. Алар Европа жана Кипрдин бизнесмендери экени кабарланууда.